География:КАМООТӨР АЛТЫН КЕНЧЕСИ
КАМООТӨР АЛТЫН КЕНЧЕСИ Чүй облусунун Кемин р-нунда, Кемин тоосунун түн.-чыгыш капталында, Кичи Кемин суусунун баш жагында, анын сол куймалары – Шаркыратма м-н Тегирментинин ортосунда, деңиз деңг. 2900–3250 м бийиктикте 1988-ж. табылып, 1988–1994-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы жогорку рифейдин плагиограниттери ж-а жогорку ордовиктин сиениттери м-н жирелген, рифейдин көпүрөлүсай свитасынын метаморфизмделген сланецтеринен түзүлгөн. Рудалануу метаморфизмделген сланецтердеги субмеридиан ж-а түн.-чыгыш багыттагы тектон. жаракалардын бириккен жери м-н байланышкан. Жаракаларды бойлото сланецтердин гидротермдик процесстеринин таасиринен өзгөргөн тилкесинде кварц тарамдары, сульфиддик минералдар кездешет. Рудалануу тарам тибине, алтын – сульфидкварцтуу формациясына кирет. Негизги руда минералдары: алтын, пирит, арсенопирит, галенит, сфалерит, күмүш, электрум ж. б. Рудадагы алтындын орт. өлчөмү 7,55 г/т, күмүштүкү–37,12 г/т. Руданын запасы ж-а ресурсу 869,9 миң т. Алтындын запасы ж-а ресурсу 6,57 т, күмүштүкү–32,29 т.