География:ЖЕРҮЙ АЛТЫН КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРҮЙ АЛТЫН КЕНИ Талас облусунун Талас р-нунда, Карой кыш-нан 26 км аралыкта, деңиз деңг. 3205–3710 м бийиктикте. 1969-ж. табылган. 1974–84-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлүп, запасы аныкталган. Кен аймагы кембрий-ордовиктин кварцтуу диориттери, кварцтуу сиенит-диориттери, монцодиориттери, дайкалар м-н жирелген рифейдин мраморлору, доломиттери, сланецтери, филиттери ж-а аларды жаап турган ордовиктин андезиттүү порфириттеринин туфтарынан түзүлгөн. Рудалануу линза, уя, тарам ж-а тарамча түрүндөгү алтындуу кварц, метасоматоздук кварцталган тектер м-н байланышкан. Руда тулкуларынын чогулушу штокверктерди түзөт. Руданын негизги минералдары: уюган нак алтын, висмутин, пирит. Рудада алтындан башка күмүш, висмут кездешет. Рудадагы алтындын орт. өлчөмү 6,3 г/m. Алтындын запасы 74,684 m.