География:БОЗЕМЧЕК – КАБАСАЙ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗЕМЧЕК – КАБАСАЙ КЕНИ – Жалалабат облусунун Алабука р-нундагы жез ж-а полиметалл рудалары чыгуучу жер. Каба кыш-нан түн. тарапта, Чаткал кырка тоосунун түш.-батыш капталында. Кен 9–12-к-дан белгилүү. Кен аймагын ташкөмүр мезгилинде пайда болгон доломит м-н акиташ теги ж-а эффузив тоо тектери, каледондун гранит интрузиялары түзөт. Руда халькопирит, пирит, борнит, галенит, сфалерит ж. б. сульфиддерден түзүлүп, интрузия м-н карбонат тектеринин кошулган жерлеринде пайда болгон скарндарда же акиташ тектериндеги жаракаларда жайгашкан. Алар негизинен гранат-волластонит ж-а гранат-пироксен скарндарына топтолгон. Рудалуу скарн катмарлары түн.-чыгыштан түш.-батышты карай 10 кмден ашык аралыкка созулат. Кендеги жездин орт. кондициялык өлчөмү 1,1%, коргошундуку 4% ж-а цинктики 4,3%. Кен герцин металлогениялык доорунда пайда болгон.