География:БАЛАЧЫЧКАН ТЕМИР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАЧЫЧКАН ТЕМИР КЕНИ Талас ш-нан 30 км чыгыш,Чатбазар айлынан 5 кмдей түш.-чыгыш тарапта, Талас Алатоосунун этегинде жер бетине чыгып жатат. Руда пироксенит тоо тегинин тулкусунда. Титан-магнетит, ильменит, магнетит, сульфид минералдарынан турат. Негизги минералы–титан-магнетит. Анын курамында темирдин, титандын, ванадийдин ж-а кобальттын казып алууга арзырлык өлчөмдөрү бар. Темирдин С2 категориясы б-ча эсептелген запасы 535,4 миң т. Кенди жер үстүнөн карьер ыкмасы м-н казып алууга болот.