География:ТЕРС КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТЕРС КАПЧЫГАЙЫ Чаткал ж-а Терс тоолорунун ортосунда түш.-батыштан түн.чыгышка 42 кмге созулат. Таманынын туурасы Чаткал өрөөнүнө чыга берген жерде 2–3 км, кууш жери ортоңку бөлүгүндө 300– 500 м. Жапыз жери 1500 м, бийик жери 3100 м бийиктикте жайгашкан. Капчыгай эрозиялык ж-а денудациялык процесстерден пайда болуп, көп бөлүгү кууш каньон сымал. Ал аркылуу Терс (Чаткалдын сол куймасы) суусу агат. Жарым чөл ж-а талаа, бадал-токойлуу шалбаа ж-а шалбаалуу талаа ландшафттары басымдуу.