География:КЫЗКОРГОН КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗКОРГОН КАПЧЫГАЙЫ Күнгөй Алатоонун түш. капталында. Чолпоната суусунун сол куймасынын алабынан орун алган. Байыркы мөңгү эригенде Кызкоргон суусу көбөйүп, тик капталдуу жалама капчыгайды пайда кылган. Уз. 7 км, деңиз деңг. бийикт. 2000–2800 м. Туурасы 10 мден 500 мге чейин. Капчыгай Сараласаздын тушуна жеткенде кууштап, тектон. жарака б-ча шаркыратма пайда кылып, улам төмөндөгөн сайын 500 мге чейин кеңеет. Төмөнүрөөк Агалаташ тоосун кесип өтүп, кайрадан кууштайт. Чыгыш капталы байыркы түздүктүн калдыгы. Суунун нугунан 30–450 м көтөрүңкү. Батышы байыркы мөңгүнүн шилендилеринен туруп, суунун нугунан 150–300 мге көтөрүлөт, өсүмдүктөргө бай. Каледондун кызыл, боз, гранит, гранит-диорит ж. б. тектеринен түзүлгөн. Капчыгайдын таманында ж-а батышында карагай, арча, табылгы, бөрүкарагат, карагат ж. б., чыгышында бийик чөптүү шалбаа өсөт. Туризмге ылайыктуу. Жай мезгилде эмгекчилер эс алат.