География:КАРАБУУРА КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАБУУРА КАПЧЫГАЙЫ Талас Алатоосунун түн. капталында, Карабуура (Таластын оң куймасы) суусунун алабында. Уз. 60 км, эң жазы жери 2–3 км, кууш жери 0,5–1 км. Таманынын ооз тарабы 1400 м, төрү 3000 м бийиктикте жайгашкан. Капчыгай суу эрозиясынын натыйжасында пайда болуп, V сымал. Таманы Шилбилүү суусунун чатына чейин төртүнчүлүк мезгилдин борпоң тектерине толгон. Гранит, гранит-диорит интрузия тектеринен турган капчыгайдын бийик бөлүгү терең тилмеленген. Кургак талаа ж-а талаа, сейрек арча-бадалдуу шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу. Капчыгай аркылуу Талас ж-а Чаткал өрөөндөрүн туташтырган авт. жолу өтөт.