География:ЧЫГЫШ КАРАСУУ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧЫГЫШ КАРАСУУ ӨРӨӨНҮ Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталында, чыгыштан батышты карай дого сымал ийилип жатат. Исфанжайлоо, Кеңкол, Такталык ж-а Кочкордөбө тоолору м-н чектешет. Токтогул р-нун аймагында. Уз. 75– 80 км, таманынын эң жазы жери 6–7 км, кууш жери 500–1000 м. Өрөөндүн башы (2000–2400 м бийиктикте) мөңгүнүн аракетинен пайда болуп, морена ж. б. шиленди тектерден турат. Ортоңку бөлүгү (таманынын орт. бийикт. 1300–1600 м) суу эрозиясы м-н аккумуляциясынан пайда болуп, ортоңку палеозойдун кумдук, акиташ, сланец ж. б. тектеринен түзүлгөн; V сымал өрөөн. Төмөнкү бөлүгү кенен ж-а жазы келип, төртүнчүлүк мезгилдин борпоң чөкмө тектерине толгон. Таманында анда-санда бадал-шалбаалуу токойлор кездешип, ландшафтында талаа, шалбаалуу талаа алкактары басымдуу. Өрөөн м-н Карасуу (Нарындын сол куймасы) агат. Карасуу ж-а Капкаташ көлдөрү бар. Баш жагы негизинен жайкы жайыт. Өрөөндү Бишкек– Ош авт. жолу кесип өтөт.