География:ЧЫГЫШ КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧЫГЫШ КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ Ички Теңиртоодо. Карамойнок ж-а Орток тоолорунун аралыгында түн.-батыштан түш.чыгышка (Кочкор өрөөнү тарапка) созулуп жатат. Уз. 25–30 км, туурасы 7–9 км. Басымдуу бийикт. 2300–2800 м, эң жапыз жери 2250 м. Таманы баш жагында тепши сымал, төртүнчүлүк мезгилдин борпоң чөкмө тектерине толгон түздүк. Климаты континенттик кургак. Январдын орт. темпрасы –10°...–12°С, июлдуку 12–14°С. Жылдык жаан-чачыны 250–350 мм. Өрөөн аркылуу Чыгыш Каракол суусу ж-а анын куймалары агат. Талаа (бетегелүү-шыбактуу, 2600 мге чейин), бадалдуу-шалбаалуу талаа (2600–2900 м), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (2400 – 3600 м), нивалдык-гляциалдык ландшафттар басымдуу. Кочкор ойдуңуна чектеш жаткан төмөнкү бөлүгү сугат ж-а кайрак дыйканчылыгында, чабынды катары, ал эми батышы ж-а тоо капталдары жайыт катары пайдаланылат.