География:ТӨЛӨК ӨРӨӨНҮ
ТӨЛӨК ӨРӨӨНҮ — Каракужур өрөөнүнүн батыш уландысы. Карагатты, Соңкөл, Акташ тоолору курчап жатат. Төлөк суусунун алабында. Уз. 35 км, таманынын туурасы 5 км. Деңиз деңг. 2240–3000 м бийиктикте жатат. Өрөөндүн башы тар, ортосу ж-а аягы жазыраак келип, Жоонарык суусуна чыга берген жери кууш капчыгай. Курчаган тоолордун өрөөн таманынан салыштырмалуу бийикт. 1000–1200 м. Таманы түзөң, тектирлүү. Өрөөндүн түн. бети батышында жантайыңкы, Музтөр суусу куйгандан тартып, тик ж-а жарлуу; түштүгү жантайыңкы. Өрөөндөн Төлөк ж-а анын куймалары — Чалай, Калмакашуу, Музтөр, Кеңсуу, Көктай, Турук суулары агып чыгат. Таманы неогендин ж-а байыркы төртүнчүлүк мезгилдин кызыл түстүү конгломерат, кумдук, алевролит, чопо, мергелдери м-н толгон. Тоо беттери тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Климаты континенттик; январдын орт. темпрасы –16°С, июлдуку 14°С; жылдык жаанчачыны 300 мм. Кургак талаа ж-а талаа (2600 м бийиктикке чейин), бадал аралашкан шалбаалуу талаа ж-а шалбаа (2600– 2900м), андан жогору субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Өрөөндө Кеңсуу кыш., кыштоолор бар. Арпа өстүрүлөт; чабынды ж-а жайыт катары пайдаланылат. Өрөөндөн Кочкор р-нун Соңкөл жайлоосу м-н байланыштырган авт. жолу өтөт.