География:КОҢУРӨЛӨҢ — АЛАБАШ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢУРӨЛӨҢ — АЛАБАШ ӨРӨӨНҮ Ысыккөл өрөөнүнүн түш.-батыш бөлүгүндө, Тоң р-нунун аймагында. Түштүгүнөн Тескей Алатоо, түндүгүнөн Дубана (бийикт. 2223 м), Тегерек, Көкжар, Курбу жапыз тоолору м-н чектешет. Чыгыш жагында Жерүй өрөөнүнө, батышта Семизбелге өтөт. Таманынын абс. бийикт. 2000–2100 м, уз. 40 км, туурасы 7 км. Рельефи түзөң. Тескей Алатоонун этегинде шиленди конустары жатат. Өрөөндүн ичи төртүнчүлүк мезгилинин аллювий, пролювий ж-а бир аз морена борпоң тегинен турат. Генезистик тиби б-ча — грабен. Климаты континенттик, жайы мелүүн (15°С), кышы суук (—15°Сден –20°Сге чейин), жылдык жаан-чачыны 300–350 мм (кардын калыңдыгы 10–20 см). Коңурөлөң, Мамбеттөр, Ичкетөр, Ийрисуулар Чыгыш ж-а Батыш Карасууга кошулуп, Актерек суусун түзөт. Актерек суусу Дубана тоосун кесип агып, Ысыккөлгө куят. Өрөөн жер астындагы сууга бай, чыгыш бөлүгүндө Айдыңкөл көлү (аянты 0,7 км ) бар. Өрөөндүн топурагы боз-күңүрт ж-а саз кыртыштуу, тоо капталдарында — кара коңур. Тескей беттерде талаа, шалбаа, өлөң саз, күнгөй бетте (Тегерек) жарым чөл, кургакчыл ксерофит өсүмдүктөрү өсөт. Өрөөндө Алабаш, Дөңталаа, Комсомол, Коңурөлөң, Көлтөр, Тогузбулак кыш. жайгашкан. Мал чарбасы (айрыкча кой чарбасы) өнүккөн.