География:КИШЕМИШ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИШЕМИШ ӨРӨӨНҮ Түркстан тоосунун чыгышында. Исфара суусунун алабында, Матча ж-а Каравшин тоолору м-н курчалат. Уз. 30 кмдей, жазылыгы 3—10 км. Баш жагы деңиз деңг. 3200 — 3600 м, төмөн жагы 2500 — 2600 м бийиктикте жайгашкан. Өрөөндүн эки капталы бирдей тик, кууш капчыгайлуу, корум таштуу, кум шагылдуу. Бийик тоо арасындагы синклиналдык жаракадан орун алган. Палеозойдун кристаллдуу (акиташ теги, сланец, кумдук) тоо тектеринен турат. Климаты континенттик; июлдун орт. темп-расы 21,9° С, январдыкы —10°... — 15° С. Жылдык жаан-чачыны 250 — 350 мм. Тоолорунда Миңтеке, Кишемиш мөңгүлөрү бар. Негизинен тоолуу талаа ж-а сейрек токойлуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Шалбаа өсүмдүктөрү ж-а токой да кездешет.