География:КИЧИ КЕМИН ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ КЕМИН ӨРӨӨНҮ Чүй өрөөнүнүн чыгышында, Кемин ж-а Кастек тоолорунун аралыгында. Аянты 160 км2, уз. 20 км, туурасы эң кенен жеринде 12 км, бийикт. 1450–1700 м. Орто бөлүгү түзөң, батышы кашаттуу түздүк (кашаттардын бийикт. 50–80 м). Негизинен плейстоцендин шиленди (аллювий, пролювий) тоо тегинен турат. Жогорку бөлүгү кууштап Актүз капчыгайына өтөт. Климаты континенттик (к. Чүй өрөөнү), жайы жылуу, кышы анча катаал эмес. Кичи Кемин суусу агат. Топурагы кара күрөң келип, талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Тоо беткей тулаң чөп ж-а шалбаалуу талаа, шалбаалуу бадал токой ландшафттары кезигет. Өрөөндүн таманы айдоо аянтына айланган. Дан эгин, кызылча, картошка эгилет. Боролдой, Ильич, Жаңыжол, Кичи Кемин, Карабулак, Бейшеке кыш., Актүз шаарчасы бар. Өрөөн аркылуу Бишкек — Актүз авт. жолу өтөт.