География:КАЙЫҢДЫ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢДЫ ӨРӨӨНҮ Борб. Теңиртоодо. Эңилчек ж-а Кайыңды кырка тоолорунун аралыгында чыгыштан батышка 75 кмге созулуп жатат. Аксуу р-нун аймагында. Туурасы 3–5 км. Аянты 599 км2. Эң бийик жери 5420 м. Жапыз жери 2100 м. Башталышы тепши (трог) сымал, орто жери жайык, аягы V формасындагы капчыгай. Өрөөндүн капталдары кыска, кууш жылгалуу. Азыркы учурда эрозиялык процесстер ургаалдуу өөрчүгөн. Негизинен палеозойдун кристаллдык ж-а аны жиреп чыккан интрузия тектеринен турат. Ортоңку бөлүгүндө олигоцен-миоцендин кызыл түстүү конгломераттары жер бетине чыгып турат. Климаты континенттик, январдын орт. темп-расы —16...—17°С, июлдуку 10–11°С. Жылдык жаан-чачыны 250– 300 мм. Өрөөндөгү негизги суунун алабына таандык 73 мөңгүнүн жалпы аянты 158 км2, алардын эң ириси Кайыңды (уз. 25,8 км, аянты 107,4 км2). Өрөөн аркылуу Кайыңды суусу (куймалары: Атжайлоо, Карагатты) агат. Тескейине токой аралашкан шалбаа, субальп, альп ж-а нивалдыкгляциалдык алкактар мүнөздүү. Суу бойлой кайың, ар кыл бадалдар өсөт. Карагай токою ортоңку бөлүгүндө ж-а Үччат тоолорунун түн. капталдарында кездешет. Кышкы жайыт.