География:КАЗЫК ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗЫК ӨРӨӨНҮ Алайкуу кырка тоосунун батышында, Каракулжа р-нун аймагында. Уз. 40–50 км, туурасы 10–15 км. Орт. бийикт. 2600 м. Тоголокташ, Карачомолок, Кызылагын, Миңтеке, Бугубулак ж. б. тоолор м-н бөлүнгөн үч өрөөндөн (Чоңказык, Кичиказык, Ортоказык) турат. Жогорку бөлүгү жазы, төмөн жагы кууш капчыгайлуу. Негизинен силур м-н девондун акиташ теги, сланец, гранит, гнейс тектеринен турат. Жайы салкын (июлдун орт. темп-расы 15°С), кышы суук (январдыкы –13°С). Жылдык жаан-чачыны 450–500 мм. Суулары: Чоңказык, Ортоказык, Кичиказык. Токойлуу талаа (2100–2300 м), токой (2300–2900 м), субальп (2900— 3200 м) ж-а альп (3200–3900 м) шалбаалуу талаа ландшафт зоналары мүнөздүү. Жайыт.