География:ИСФАРА ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСФАРА ӨРӨӨНҮ Түркстан _кырка тоосунун түн. капталында, Кыргыз Республикасы м-н Тажикстандын чегарасында. Уз. 82 км, орт. жазылыгы 32 км. Басымдуу бийикт. 3200–3600 м, эң жапыз жери 830 м. Өрөөндүн төмөнкү (түн.) бөлүгүн адыр сымал жапыз тоолор, жогорку (түш.) бөлүгүн капталдары тик, кууш капчыгайлуу бийик тоо түзөт. Түн. жагы палеоген ж-а неоген мезгилдеринде пайда болгон кум м-н чоподон, түш. бөлүгү көбүнчө палеозойдун кристаллдуу (акиташ теги, сланец, кумдук) тоо тектеринен турат. Климаты континенттик; июль айынын орт. темп-расы 21,9°С. Жылдык жаан-чачыны 112 мм, тоолуу бөлүгүндө 200–350 мм. Агын суулары Исфара ж-а анын куймалары (Каравшин, Кишемиш, Киндик ж. б.). Өрөөндүн батышында жалпы аянты 88,7 км2 болгон 4 майда мөңгү бар. Кумдак ж-а күрөң топурак басымдуу. Түн. жагына эфемер-шыбактуу чөл ж-а кургак талаа ландшафттары мүнөздүү; тоо беттеринде бетеге, кылкан чөп, таракбаш ж-а арча, бадалдуу токой өсөт. Бийик тоолуу бөлүгүн субальп ж-а альп шалбаалуу талаа тилкелери ээлейт. Өрөөндө Исфара ш. орун алган. Өрөөн жайыт ж-а дыйканчылыкка пайдаланылат.