География:ИСФАЙРАМСАЙ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСФАЙРАМСАЙ ӨРӨӨНҮ Алай кырка тоосунун түн. капталынан агып түшкөн сууну бойлоп жатат. Уз. 130 кмдей, таманынын жазылыгы баш жагында 0,3–0,6 км, ортосунда (Пум, Чабай суулары куйган бөлүгүндө) 2–2,5 км, Фергана өрөөнүнө чыга беришинде 10–15 км. Таманынын деңиз деңг. бийикт. 1000 мден 3000 мге чейин. Жогору жагында Шыпы, Сүрмөташ ж-а Исфайрамсай болуп үч айрыкка бөлүнөт. Төмөн жагы кенен келип, улам жогорулаган сайын кууштап, капчыгайга өтөт. Мында шиленди конустар басымдуу. Алардын үстү тегиз, айрым жерлери жылгажыбыттуу. Капчыгайдын таманы өтө кууш, суу жээктериндеги жайылмалар 1– 2 кмден ашпайт. Жогорку бөлүгү «жылаңач» аскалардан туруп, таманы 0,3–0,6 км. Өрөөн тепши сымал. Тоо беттериндеги куюлма шагыл таштар этегинде шиленди конустарды пайда кылат. Өрөөндүн таманы төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө, мөңгү, шиленди тектеринен түзүлгөн. Тоо капталдары палеозойдун кумдук, сланец, конгломерат, акиташ тектеринен туруп, айрым жерлерин гранит, гранит-диорит интрузиялары жиреп чыккан. Өрөөндөн бийик тоолуу бөлүгүндө жалпы аянты 37,4 км2ге жеткен 39 мөңгү бар. Өрөөн аркылуу Исфайрамсай суусу агат. Тоо капталдарында шилби, итмурун, табылгы сыяктуу бадал аралаш өскөн арча токою басымдуу. Андан жогору субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Суу жээктеринде терек, кайың, тал, чычырканак, арча, жылгын ж. б. өсөт. Токою түрү б-ча топ-топ болуп өскөндүгү м-н өзгөчөлөнөт; мис.: терек токою, кайың токою ж. б. Жогорку бөлүгү жайыт, ортоңку ж-а төмөнкү бөлүктөрүнүн таманы чабынды, айдоо. Өрөөндө Үчкоргон, Каражыгач, Каракыштак, Майран, Пум, Чакмак кыш. жайгашкан.