География:ЖЫРГАЛАҢ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРГАЛАҢ ӨРӨӨНҮ — Ысыккөл ойдуңунун чыгыш уландысы. Аксуу, Түп р-нун аймагында. Аянты 1150 км2, уз. 120 км, туурасы 0,5–1,5 км. Эң бийик жери 3800– 4400 м, эң жапыз жери 1608–1800 м. Тескей Алатоонун түн.-чыгыш капталынан капчыгай сымал башталат. Баш жагында субмеридиан багытында жаткан тепши сымал өрөөн; төмөнкү бөлүгү кеңдик багытында, кенен, негизинен неогендин кум, чопо тектери м-н капталган. Өрөөн ичинде 6–7 тектир бар; Акбулактан баштап таманы саздуу. Жылдык орт. темпрасы 5–6°С, январдыкы —7°С, июлдуку 16,6°С. Жылдык жаан-чачыны 400–800 мм. Өрөөн аркылуу Жыргалаң суусу агып өтөт. Кара ж-а тоо-токой топурактуу; тоолуу бөлүгүндө тулаң, карагай, бадал, субальп шалбаа өсүмдүктөрү өсөт; андан жогору субнивалдык ландшафт мүнөздүү. Өрөөндүн түзөң жерлеринде эгин, жашылча эгилип, мөмө бактары өстүрүлөт. Суулары балыкка бай. Жыргалаң суусунун тоодон чыга бериш жеринде күрөң көмүр казылып алынат. Көп жери жайыт.