География:АКСАЙ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКСАЙ ӨРӨӨНҮ—Ички Теңиртоодогу бийик тоо өрөөнү. Орографиялык жактан Батыш Аксай ж-а Чыгыш Аксайга (Мүдүрүм өрөөнү) бөлүнөт. Чыгыш Аксай өрөөнү ж-дө к. Мүдүрүм өрөөнү макаласын. Батыш Аксайды Атбашы, Жаңыжер, Какшаал, Көккыя тоолору курчап жатат. Уз. 81 км, таманынын эң жазы жери


28 км. Өрөөн деңиз деңг. 2900–3800 м, курчаган тоолор 3900–5000 м бийиктикте. Таманы дөбө-дөңсөөлүү, ортоңку бөлүгү түзөң ж-а жапыз кашаттуу.

Көккыя, Сарыбелес, Кежиге сыяктуу бийик тоолор бар. Өрөөндө палеоген-неогендин ж-а антропогендин борпоң тектери кеңири тараган. Айрыкча көл, мөңгү-суу ж-а аллювий чөгүндүлөрү басымдуу. Климаты кескин континенттик; өрөөн – Борб. Азиянын «суук уюлу». Январдын орт. темп-расы –29°С (абс. минимум –54°С; июлдуку–8°С ). Жылдык жаан-чачыны 257 мм. Кышында кар аз түшүп, айрым жылдары жер «кара» чыгат. Өрөөндү курчаган тоолор мөңгүлүү (жалпы аянты 118,4 км2 келген 58 мөңгү бар). Бардык жеринде түбөлүк тоң тараган. Негизги суусу Аксай (Батыш). Майда моренадан ж-а термокарст процесстеринен пайда болгон көлдөр бар. Аксайга субальп жарым чөлү ж-а кургак талаа (3100–3600 мге чейин), альп шалбаалуу талаасы, айрым жеринде муздак тундра (3600–3900 м), андан жогору нивалдыкгляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Өрөөн Кырг-ндагы ири жайлоо ж-а кыштоо. Нарын, Атбашы, Акталаа р-нун малы багылат. Малчыларды тейлөөчү маданий борбор уюштурулган. Өрөөндөн авт. жолу өтөт.