География:ТАЛДЫК АШУУСУ
ТАЛДЫК АШУУСУ Алай кырка тоосунда. Алай ж-а Гүлчө өрөөндөрүн байланыштырат. Бийикт. 3615 м. Белинде девондун кумдук, чополуу сланец, акиташ теги, капталдарында карбондун акиташ тектери чыгып жатат. Түн. бети тик (55—60°), жол 12 айланма (серпантин) аркылуу көтөрүлөт; альп ж-а субальп ландшафты мүнөздүү. Түштүгү жантайыңкы. Ашуу аркылуу Ош — Хорог авт. жолу өтөт.