География:АЛАМҮДҮН АШУУСУ
АЛАМҮДҮН АШУУСУ Кыргыз Алатоосунда, Ашуутөр өрөөнүнүн төрүндө. Деңиз. деңг. бийикт. 4032 м. Түш. тарабындагы Батыш Каракол өрөөнүнөн салыштырмалуу бийикт. 900 м, түндүгүндөгү Аламүдүндөн 1200 м. Жанындагы чокулардын бийикт. 4100—4600 мге жетет. Айланасында палеозойдун түрдүү түстөгү сланец, кумдук, акиташ тектери кездешет. Ашууга баруучу жол Аламүдүндүн тепши сымал жазы өрөөнүн өрдөп, Ашуутөр өрөөнүнө көтөрүлөт. Андан ары аска корумдуу тик каптал м-н белге чыгат. Ашуутөр жайыгында мореналык майда көлдөр (мөңгү этеги 3600 м бийиктикте) бар. Түш.чыгыш, түш. бетинин рельефи жөнөкөй. Топурак, өсүмдүктөр м-н текши капталган; андан чыгышты көздөй капталдаган чукул жол түш. Ысыката өрөөнүнө түшүп, андан ары Батыш Каракол өрөөнүнө өтөт. Ашуу июндун башында ачылып, сентябрда жабылат.