География:ЧОКТАЛ ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧОКТАЛ ЧОКУСУ — Күнгөй Алатоодогу эң бийик чоку. Кырка тоонун батыш бөлүгүндө, Жиндисуу м-н Чоктал сууларынын башында жайгашкан. Бийикт. 4771 м. Пирамида сымал. Бозомтук ж-а кызыл граниттен турат. Неоген м-н төртүнчөлүк мезгилдеринде Түш. Кемин тектон. жаракасы аркылуу көтөрүлгөн. Мөңгүлүү. Кар чегинин бийикт. 3900 м. Ч. ч. Көкойрок өрөөнүнөн 2400 м, Ысыккөлдүн деңгээлинен 3100 м бийик жатат.