География:ФЕДЧЕНКО ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ФЕДЧЕНКО ЧОКУСУ Алай кырка тоосунда. Кичи Алай (Акбууранын сол куймасы) ж-а Кашкасуу (Кызылсуунун оң куймасы) сууларынын башынан орун алган. Бийикт. 5069 м. Ортоңку карбондун кумдук, алевролит, акиташтуу конгломерат, сланец тектеринен туруп, тик зоокалуу. Чокуну айланта мөңгү каптап жатат. Орто Азияны изилдөөчү А. П. Федченконун ысымынан аталган.