География:ТАЗАКЕМИН ЧОКУСУ
ТАЗАКЕМИН ЧОКУСУ — Кемин кырка тоосунун эң бийик жери. Бийикт. 3884 м. Кырка тоонун чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Төбөсү тайпак тартып, капталдары тик келген жылаңач чоку. Кембрийге чейинки мезгилдин ж-а соңку рифейдин интрузия тектеринен түзүлгөн.