География:ОЙБАЛА ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЙБАЛА ЧОКУСУ Түш. Теректоодо, Алай кырка тоосунун чыгыш жагында. Бийикт. 4786 м. Чоку Көксуунун сол куймасы болгон Ойбаланын төрүндө. Чоку жайгашкан тоо кырдуу келип, жондонуп түштүккө созулуп жатат да, дайыма жылаңач, капталдары тик аскалуу. Палеозойдун башталышында ж-а ортосунда пайда болгон чөкмө тоо тектерден түзүлгөн.