География:МОЛДОБАШЫ ЧОКУСУ
МОЛДОБАШЫ ЧОКУСУ — Жетим кырка тоосунун эң бийик жери. Бийикт. 4896 м. Чоку кырка тоонун ортоңку бөлүгүндө жайгашкан. Капталдары тик келип, жылаңач. Чоку жаткан тоонун түн. капталында чакан мөңгү бар; андан түштүктү көздөй жылаңач кыр созулат.