География:КЫРГЫЗ ЭЛ КОМИССАРЛАР ЧОКУСУ
КЫРГЫЗ ЭЛ КОМИССАРЛАР ЧОКУСУ — Борб. Теңиртоодогу Акшыйрак кырка тоосунун эң бийик жери. Пирамида сымал. Бийикт. 5125 м. Палеозойдун сланец, мрамор, акиташ, гранит тоо тектеринен турат. Үстүн муз текши каптап, капталдарынан түн.-батышка Сарытөр, Борду, батышка Түн. Карасай өрөөн мөңгүлөрү түшөт. Чокуга биринчи болуп 1932-ж. А. А. Летавет жетекчилик кылган Москва илимпоздор үйүнүн альпинисттери чыккан.