География:ГЕЗАРТ ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕЗАРТ ЧОКУСУ — Кичи Алай кырка тоосунун эң бийик жери. Кырка тоонун ортоңку бөлүгүндө, Гезарт суусунун (Чилисайдын башы) төрүндө жайгашкан. Бийикт. 4955 м. Батыш капталы тик аскалуу келип, жылаңач, калган бөлүгү кар, мөңгүлүү.