География:БЕШТӨР ЧОКУСУ
БЕШТӨР ЧОКУСУ Пскем кырка тоосунда. Бештөр (Чандалаштын оң куймасы) суусунун башынан орун алган. Бийикт. 4299 м. Чоку протерезойдун башталышында пайда болгон гранит, граниттешкен гнейс ж-а гранит-пегматит интрузия тектеринен турат. Тик жалама беттүү, түн. капталы мөңгүлүү.