География:ЯРУНТУЗ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЯРУНТУЗ ТООСУ –Алай кырка тоосунун түн. тармагы Чабай ж-а Пум сууларынын (Исфайрамсайдын оң куймалары) аралыгында кеңдик багытында 23 кмге созулуп жатат. Туурасы 7 км. Орт. бийикт. 3100– 3300 м, эң бийик жери 3670 м. Кыры негизинен тайпаң, анда-санда шиш чокулар кездешет; түн. капталы кыска, Пум суусунун капчыгайына тик түшөт, түш. капталы жантайыңкы, кокту-колоттор кездешет. Соңку девондун доломит, акиташ теги, алгачкы карбондун оолиттүү, кремнийлүү ж-а бокситтүү акиташ тектеринен турат. Көмүр кендери бар. Негизинен талаа (1900–2000 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа (2000–2700 мге чейин), сейрек токойлуу талаа (2700–3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы, сейрек бетегелүү талаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.