География:ЧОҢ БООРТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧОҢ БООРТОО – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Каракулжа, Тар, Карабел сууларынын өрөөндөрү м-н чектешет. Уз. 42 км, туурасы 10 км. Орт. бийикт. 3100–3300 м, эң бийик жери 3907 м. Кыры батышты карай жапыздайт; чыгышы аска-зоокалуу ж-а мөңгүлүү, батышы тайпак. Капталдары тик, кокту-колот, капчыгайлуу. Тоонун чыгыш бийик бөлүгү пермь ж-а карбон мезгилдеринде пайда болгон кумдук, алевролит, сланец, акиташ теги, жапызыраак батышы бордун кумдук, конгломерат, гравелит, алевролит тектеринен турат. Шалбаалуу талаа ж-а бадалдуу токой (2700– 2800 м бийиктикке чейин), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (2800–3200 м), гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.