География:ЧОҢ АЛАЙ КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧОҢ АЛАЙ КЫРКА ТООСУ Кыргыз Респ-сынын эң түштүгүндө. Алай өрөөнү (түндүгүндө) м-н Мөксуу, Сууксай ж-а Маркансуунун (түштүгүндө) аралыгында кеңдик багытта жайгашкан. Тоо кыркасы б-ча Кыргызстан м-н Тажикстандын чек арасы өтөт. Памир тоо системасына кирет. Уз. 250 км, туурасы 35–40 км. Орт. бийикт. 5500 м, эң бийик жери Ленин атн. чоку (эки чокудан турат, 7134 м ж-а 6127 м; жерг. аты Ж е л а й д а р ). Алай өрөөнүнүн бийикт. 3000–4000 м. Алтындара (батышында) ж-а Кызыларт (чыгышында) суулары Ч.-А. к. т-н орографиялык, гипсометриялык ж-а ландшафт жагынан өзгөчөлөнгөн 3 бөлүккө (батыш, чыгыш, борб.) бөлөт. Б а т ы ш бөлүгү жапыз (орт. бийикт. 5100 м), кыска (уз. 64 км), ч ы г ы ш ы (Корумду – Малтабар) узун (84 км), бийик; мында 15 чокунун бийикт. 6000 мден ашат (Корумду чокусу, 6610 м). Б о р б о р д у к бөлүгү жазы (40– 50 км), узун (92 км), орт. бийикт. 6000 м; Ленин атн. ж-а Кызылагын (6679 м) чокулары жайгашкан. Ч.-А. к. т. асимметриялуу түзүлүштө: түн. капталы тик, түштүк бир аз жантайыңкы. Мөңгү, агын суулар м-н тилмеленген. Ашуулары: Терсагар (бийикт. 3614 м), Кызыларт (4280 м). Кызыларт аркылуу Ош – Хорог авт. жолу өтөт. Ч.-А. к. т. – неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдин пайда болгон мегантиклиналь. Байыркы тектон. чуңкурдукка мезозой-кайнозойдун чөкмө тектери топтолгон. Төртүнчүлүк мезгилдин өз алдынча орографиялык бирдикке айланган. Кен байлыктары: түстүү металл, таш туз, курулуш материалдары ж.б. Кырка тоодо 358 мөңгү (жалпы аянты 1400 км2) бар. Ирилери: Чоңсуукдара (уз. 25 км, аянты 69 км2), Көксай (19 км; 32 км2), Корумду (17 км; 61 км2), Жанайдартак (Корженевский; 21,5 км; 39,5 км2) ж. б. Ч.-А. к. т. 4100–4300 мден жогору кар мөңгү м-н капталган. Түн. капталында жапыз тоо субальп шалбаалуу-талаасы (3200–4000 м), альп шалбаасы (4000–4500 м), гляциалдыкнивалдык (4500–7000 м) тилкелери жай гашкан. Түш. капталынын ландшафтында негизинен кар, мөңгү, таштуу суук чөл басымдуу. Ылымта беттерде, өрөөндөрдө ж.б. бийик тоолуу талаа (Суукдара алабы), бийик тоолуу чөл (Маракансуу алабы) кездешет. С. Өмүрзаков