География:ЧАТЫРТАШ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧАТЫРТАШ ТООСУ – Алай кырка тоосунун түн. тармагы. Кишемиш (Исфаранын куймасы) ж-а Аксуу (Сохтун куймасы) сууларынын аралыгында батыштан түн.чыгышты карай 22 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 3000–3400 м, эң бийик жери 4261 м (Алтынбешик чокусу). Кыры аска-зоокалуу, капталдары тик, кыска, терең капчыгайлуу. Карбон ж-а девон мезгилдеринде пайда болгон кумдук, алевролит, конгломерат, аргиллит ж-а доломит тектеринен турат. Көмүр кендери кездешет. Шалбаалуу талаа (2600–3000 м бийиктикке чейин), айрым жерлерде шалбаа (2600–2800 м) ж-а шалбаалуу арча (3000– 3200 м), субальп ж-а альп шалбаалуу-талаалары, суук чөлдүү тоо тундрасы мүнөздүү.