География:ҮЧЧАТ ТООСУ
ҮЧЧАТ ТООСУ Борб. Теңиртоодо, Сарыжаз, Үччат ж-а Кайыңды сууларынын аралыгында дого сымал 25 кмге созулуп жатат. Туурасы 6–7 км. Орт. бийикт. 4200–4600 м, эң бийик жери 5042 м. Тоонун кыры дээрлик аска-зоокадан турат, мөңгүлүү; капталдары тик, терең капчыгайлуу. Девондун мрамор, карбон ж-а пермдин алевролит, сланец, кумдук, конгломерат, акиташ тектеринен түзүлгөн. Субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы (3800 м бийиктикке чейин), бийик тоолуу суук чөл ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайкы жайыт.