География:ТЕРИМТӨР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТЕРИМТӨР ТООСУ – Тескей Алатоонун түн. тармагы. Каракол ж-а Арашан сууларынын аралыгында 25 кмге чейин созулуп жатат. Туурасы 6–8 км. Орт. бийикт. 3000– 3500 м, эң бийик жери 4628 м. Кыры негизинен тайпак келип, айрым жерлеринде гана аска-зоокалуу ж-а мөңгүлүү чокулар кездешет. Капталдары кыска ж-а тик; Арашан, Каракол сууларынын капчыгайлары, кокту-колоттору бар. Батыш капталында Алакөл көлү (Каракол суусунун алабы) жайгашкан. Тоо негизинен протерозойдун сланец, кумдук ж. б. тектеринен турат. Шалбаалуу талаа (2300 м бийиктикке чейин), бийик чөптүү шалбаалуу токой (карагай; 2300–3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3000–3700 м), андан жогору суук чөл ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.