География:МОЛДОТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОЛДОТОО – Ички Теңиртоодогу кырка тоо. Нарын д-нын оң өйүзүндө, анын меридиандык имерилишинен чыгышты карай Куртка суусуна чейин 110 км ийилип созулат. Туурасы 26 км. Орт. бийикт. 3600 м, эң, бийик жери 4185 м. Бир-бирине жарыш жаткан кыркалардан турат. Жону чыгышында түзөң, айдөөш, батышында тик чоку, аскалуу, ортоңку бөлүгү (Каракече суусунун башында) бийик. Капталдары батышында негизинен тик; Көкөмерен ж-а Нарын өрөөндөрүнө караган беттери терең кокту-колот, капчыгайлуу. Чыгышында Жумгал ж-а Нарын өрөөндөрүн карай жантайыңкы. Ашуулары: Чамынды (3184 м), Кеңарык (3524 м), Актайлак (3400 м), Бозайгыр (3660 м), Сулукуртка (3368 м), Узунбулак (3126 м). Негизинен ортоңку палеозойдун акиташ теги, мрамор, филлит, кварцит, диабаз, конгломерат; этеги неогентөртүнчүлүк мезгилдердин кум, чопо, тектеринен түзүлгөн. Көмүр, полиметалл ж.б. кендери бар. Чакан мөңгүлөр кездешет. Тоонун күнгөйүн жарым чөл ж-а кургак талаа (2300 м бийиктикке чейин), арча, бадалдуу талаа ж-а шалбаалуу талаа (2300– 3000 м), субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы (3000–3300 м), тескейинде, батыш тоо этегине бадал аралашкан кургак талаа ж-а талаа, чыгышына сейрек карагайлуу токой ж-а шимүүр каз тамандуу шалбаа (3000 мге чейин), субальп, альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаасы (3500 мге чейин), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.