География:КЫШТУТ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫШТУТ ТООСУ Алай кырка тоосунун түндүгүндө. Аксуу ж-а Сох сууларынын аралыгында түш.-батыштан түндүккө карай ийилип жатат. Уз. 20–22 км, туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 2500–3000 м, эң бийик жери 3259 м. Кыры тайпак, аска зоолор жокко эсе, капталдары тик, кыска капчыгайлуу. Карбон, девон ж-а силур мезгилдин ринин катмарлуу доломит, доломиттүү акиташ теги, чополуу ж-а көмүрлүү сланец, кумдук, диабаз тектеринен турат. Талаа (1700–1800 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а сейрек арча токойлуу шалбаа (1800–2900 м), субальп ж-а альп, шалбаалуу талаа ж-а талаа (2900–3200 м), андан жогору нивалдык корум таштуу ландшафттар мүнөздүү. Жайыт.