География:КУТУРГАН ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУТУРГАН ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Зергер ж-а Чангет сууларынын аралыгында түн.-чыгыштан түш.-батышка 24 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Орт. бийикт. 1750–1850 м, эң бийик жери 2415 м. Жону түзөң ж-а тайпак, капталдары жантайыңкы. Негизинен кумдук, алевролит, сланец, конгломерат, гравелит, чопо тектеринен турат. Көмүр кени бар. Тоонун капталына (1300–1400 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа, сейрек өскөн жаңгак токою мүнөздүү. Чарбачылыкта чабынды, жайыт катары пайдаланылат.