География:КУРУБАКАЙЫР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРУБАКАЙЫР ТООСУ – Талас Алатоосунун түн. тармагы. Суулубакайыр ж-а Бакайыр сууларынын аралыгында (Бакайырсай суусунун алабы) меридиан багытында 30 кмдей созулуп жатат. Карабуура р-нун аймагында. Туурасы 5–6 км.Орт. бийикт. 3500–3800 м, эң бийик жери 4457 м (Бакайыр чокусу). Талас Алатоосунун тутумдашкан жеринде мөңгү бар. Батыш ж-а чыгыш капталдары тик, жар, коктуколоттор көп. Протерозойдун аягында пайда болгон филлит, акиташтуу сланец, мрамор, доломит тектеринен турат. Тоо капталдарында бадал өскөн жылаңач таштактуу талаа ж-а шалбаалуу талаа (1800– 1900 м бийиктикке чейин), арча, бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2700–2800 м), субальп шалбаалуу талаасы ж-а альп шалбаасы (3300–3400 м), гляциалдык-нивалдык ландшафттары таралган. Жайыт.