География:КӨКСУУ ТООСУ
КӨКСУУ ТООСУ – Пскем кырка тоосунун түш.-чыгыш тармагы, Чаткал ж-а Көксуу сууларынын аралыгынан орун алган. Тоо аркылуу Кыргызстан м-н Өзбекстандын чегарасы өтөт. Уз. 60 км, туурасы 15 – 17 км. Орт. бийикт. 3100–3300 м, эң бийик жери 3828 м (Чатырдөбө чокусу). Кыры жалама, тик аскалуу, мөңгү жок; капталдары тик (40–50°), кыска ж-а терең коктуколоттуу капчыгайлары бар. Геол. түзүлүшү өтө татаал, тектон. терең жаракалар м-н тилмеленип, бүктөлүүлөргө дуушарланган. Тоонун түш.-чыгыш бөлүгү гранит, гранит-диорит, гранит-сиенит; ортоңку бөлүгү карбондун башталышында пайда болгон конгломерат, аркоздуу кумдук, битумдуу ж-а доломиттүү акиташ теги, түн.-батышы девондун доломит, кумдук, сланец, гравелит тектеринен түзүлгөн. Тоонун түш.-чыгыш капталына талаа ж-а шалбаа бадалдуу токой (2800–2900 мге чейин), андан жогору субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа ж-а субнивалдык суук чөл ландшафттар мүнөздүү. Жайыт.