География:КЕҢКОЛ ТООСУ
КЕҢКОЛ ТООСУ Фергана тоо тизмегинде, Исфанжайлоо тоосунун чыгышында. Карүңкүр ж-а Карасуу (чыгыш) сууларынын алабында жайгашкан. Базаркоргон р-нун аймагында. Түн.-батыштан түш.чыгышка карай 26 кмге созулат. Туурасы 5 км. Орт. бийикт. 3400 м, эң бийик жери 3754 м. Тоонун түн. капталы кыска, Карасуу (чыгыш) өрөөнүнө кыска кокту-колоттор м-н тик түшөт. Түш. капталы жазыраак келип, чыгыш тарабында гана тик, терең өрөөн, капчыгайлуу. Кыры батышында тайпак, чыгышында аска, мөңгүлүү. Тоо силур м-н девондун туф, порфирит, сланец, акиташ тектеринен турат. Түш. капталына (3000 м бийиктикке чейин) жаңгак-жемиш токойлуу шалбаа, түндүгүнө шалбаалуу талаа ж-а бийик чөптүү шалбаа, 3500 мге чейин субальп ж-а альп шалбаасы, андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт, айрым жерлери чабынды.