География:КАТЫРАҢ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТЫРАҢ ТООСУ Фергана өрөөнүнүн түштүгүндө. Чыгышында Охнатамаша ойдуңу, батышында Белисынык тоосу, Каратокой – Хайдеркен (Айдеркен) ойдуңу ж-а Фергана өрөөнүнүн адырлары жатат. Уз. 44 км, эң жазы жери 8 км, орт. бийикт. 2990 м, эң бийик жери 3373 м (Катыраң чокусу). Палеозой заманында пайда болгон акиташ тегинен, тоо этектери неогендин борпоң чөкмөлөрүнөн турат. Тоонун түн. бөлүгүнөн байыркы муз каптоонун издери байкалат. Ландшафты бийиктик б-ча өзгөрөт. Капталдарында талаа ж-а шалбаалуу талаа, токой, альп ж-а субальп шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Жайыт.