География:КАРАКЫР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш тармагы. Терек ж-а Алабука сууларынын алабынан орун алган. Уз.

25 км, туурасы 15 км. Орт. бийикт. 3900– 4100 м, эң бийик жери 4309 м. Тоо түндүктөн түштүккө ж-а түш.-батышка карай созулат. Тоонун суу бөлгүчү негизинен түзөң, тайпак, мөңгү жок. Капталдары тигирээк (35–45°), узун кокту-колоттуу, капчыгайлары бар. Палеозой м-н рифейдин гранит, гранит-диорит, габбро-диорит, серпентинит интрузия тектеринен турат. Коргошун, сурьманын кендери кездешет. Ландшафтына шалбаалуу талаа (2300–2400 мге чейин), шалбаалуу жаңгак токою (2400–2700 м), бийик чөптүү шалбаа (2700–3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (3000–3300 м), андан жогору гляциалдыкнивалдык бийиктик зоналары мүнөздүү.