География:КАПКАНТОО
КАПКАНТОО – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Байбиче ж-а Чытты сууларынын (Жазы суусунун оң куймалары) аралыгында. Түн.-чыгыштан түш.-батышка 24 кмге созулуп жатат. Орт. бийикт. 2800– 3100 м, эң бийик жери 3398 м. Кыры тайпак, капталдары тик ж-а кыска, Байбиче ж-а Чытты сууларынын өрөөндөрүнө караган беттери кокту-колоттуу, капчыгайлуу. Тоонун түш.-батыш бөлүгү Жазы ж-а Чытты сууларынын өрөөндөрүнө аска түрүндө тик түшөт. Негизинен юра мезгилинин кумдук, гравелит, аргиллит, конгломерат тектеринен турат. Көмүр кендери бар. Шалбаалуу талаа ж-а бийик чөптүү шалбаа (2700– 2800 м бийиктикке чейин), шалбаалуу токой (жаңгак, арча, бадалдар 2900–3000 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (3200–3300 мге чейин) ландшафт зоналары басымдуу. Жайыт. Токой чарбалары бар.