География:КАЙЫҢДЫ КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢДЫ КЫРКА ТООСУ Борб. Теңиртоодогу Кайыңды ж-а Көйкап сууларынын аралыгында. Меридиан кырка тоосунан бөлүнүп, Сарыжаз капчыгайына чейин созулат. Уз. 66 км. Эң жазы жери 14 км. Орт. бийикт. 4900 м, эң бийик жери 5721 м. Рельефи альп тибинде, капталдары капчыгайлуу, кокту-колоттуу. Чыгыш тарабы бийик, мөңгүлүү; батышка карай басаңдап, Карарча ашуусунун жанында 3000 мге чейин жапыздайт. Андан батышка кайра бийиктеп, 5000 кмге жеткен Үччат-Кумар тоосу м-н бүтөт. Негизинен палеозой заманында пайда болгон чөкмө ж-а магма тоо тектерден турат. Этегинде неогендин конгломераттары, кырларында герциндин гранит диорит интрузиялары бар. Азыркы мезгилдин да тез көтөрүлүп жаткан горст-антиклиналдык түзүлүш. Түн. капталына шалбаалуу талаа, шалбаалуу токой, субальп, альп шалбаасы ж-а субнивалдык нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү, түштүгүндө шалбаалуу токой ж-а субальп ландшафттары кездешпейт.