География:КАЗЫК ТООЛОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗЫК ТООЛОРУ – Алайкуу кырка тоосунун тармактары; бири бирине жарыш жаткан үч тоодон (Чоңказык, Ортоказык ж-а Кичиказык) турат. Көксуу ж-а Теректоо тоолорунан башталып меридиан багытында созулуп жатат. Жалпы уз. 30 кмдей. Орт. бийикт. 3500 м, эң бийик жери 4800 м (Манастынээри). Капталдары негизинен жантайыңкы. Ойтал чуңкурдугунда тик, аскалуу. Түндүктөн түштүктү карай бийиктейт. Айрым жерлерде аскалуу ж-а муз доорунда талкаланган моноклиналдуу жарыш жаткан кырлар, тектирлүү беттер мүнөздүү. Ортоңку бөлүгүндө байыркы мөңгүлөрдүн издери байкалат. Көксуу ж-а Терек тоолорунун кошулган бөлүгүндө мөңгүлөр (Манастынээри, Аюутапан, Музтаг ж. б.) бар. Негизинен субальп ж-а альп шалбаалары (2800–3900 м бийиктикте), кармөңгүлүү ландшафт алкактары мүнөздүү. Токой да кездешет. Жайыт.