География:КАБАК КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБАК КЫРКА ТООСУ Ички Теңиртоодо. Жумгал ж-а Миңкуш (Муңкуш) тектон. өрөөндөрүн бөлүп турат. Уз. 40 км, эң жазы жери 16 км. Орт. бийикт. 3390 м, эң бийик жери 4144 м (Кашкасуу чокусу). Негизинен гранит-диорит ж-а гранит интрузия тектеринен турат. Тоодон таш көмүр кени чыгат (к. Каракече көмүр кени). Чыгышы бийик, зоокалуу, капталы тик, жонунда мөңгү бар; батышы жапыздап ашууга өтөт. Талаа ж-а шалбаалуу талаа (2400–2500 м), карагай-бадалдуу шалбаа (2800–2900 м), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а сейрек бетегелүү талаа (3300– 3500 м), андан жогору субнивалдык ж-а нивалдык-гляциалдык ландшафттар мүнөздүү. Түн.-чыгыш капталында (Каракеченин ичинде) карагайлуу токой массивдери кездешет. Жайыт.