География:ИТАГАР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТАГАР ТООСУ – Талас Алатоосунун түш. тармагы. Итагар, Арым, Чоң Чычкан сууларынын (Нарындын оң куймалары) аралыгында батыштан түш.-чыгышка 28– 30 кмге созулуп жатат. Туурасы 7–9 км. Орт. бийикт. 3400–3600 м, эң бийик жери 4086 м. Кыры аска-зоокалуу ж-а мөңгүлүү, түш.чыгышты карай жапыздайт. Капталдары тик (40–50°), тар капчыгайлуу, кокту-колоттуу. Негизинен төмөнкү палеозойдун порфириттүү гранит, гранит-диорит интрузия ж-а метаморфизмделген тектеринен түзүлгөн. Шалбаалуу талаа ж-а шалбаа-бадалдуу талаа (2800– 2900 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаалуу талаа, сейрек бетегелүү талаа (3300–3400 м бийиктикке чейин), андан жогору кар-мөңгүлүү ландшафттары мүнөздүү. Жайкы жайыт.