География:ЖАҢЫКОНУШ (ЗОР) ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫКОНУШ (ЗОР) ТООСУ Фергана тоо тизмегинин түш.-чыгыш учунда, Сөөк ж-а Алайкуу сууларынын аралыгында жайгашкан. Түн.-чыгыштан түш.-батышка 22 кмге созулат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 4000–4200 м, эң бийик жери 4566 м (Зор чокусу). Кыры аскалуу ж-а мөңгүлүү, капталдары тик, капчыгайлуу. Негизинен юра мезгилинин конгломерат, гравелит, кумдук, аргиллит тектеринен түзүлгөн. Субальп ж-а альп доңуз сырттуу шалбаа ж-а шалбаалуу талаа (2900–3100 м бийиктикке чейин), бийик тоолуу субнивалдык ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.