География:ДӨДӨМӨЛ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨДӨМӨЛ ТООСУ – Молдотоонун түш. тармагы. Чамынды ж-а Кайыңды Нарын сууларынын (Нарындын оң куймалары) аралыгында түш.-батыштан түн.-чыгышка 20 кмге созулуп жатат. Акталаа р-нун аймагында. Туурасы 5 кмдей. Орт. бийикт. 1700– 2100 м, эң бийик жери 2767 м (Караларча чокусу). Жону тайпак, Нарын капчыгайына караган түш.- чыгыш капталы кыска ж-а тик (60–80°), ал эми түн.-батыш капталы узун. Чамынды өрөөнүнө карай жантайыңкы. Тоонун бийик түн.-чыгыш бөлүгү карбондун кумдук, сланец, алевролит, конгломерат, кремний, жапыз түш.-батыш бөлүгү неогендин конгломерат, кумдук, мергель тектеринен түзүлгөн. Кургак талаа ж-а талаа (1400–1500 мге чейин), шалбаалуу талаа (карагай токою бар) ландшафт алкактары басымдуу. Чабынды, жайыт катары пайдаланылат.